ӨЗ УБАГЫНДА ЖЕТКИРЕБИЗ ЖЕ ЗАКАЗЫҢЫЗДЫ БЕЛЕККЕ БЕРЕБИЗ
Биз алтын эрежелерди карманабыз. Заказдарыбызды ар дайым өз убагында, ал эми мүмкүн болсо, убада кылынган убакыттан да эрте жеткирүүгө аракет кылабыз. Бирок кандайдыр бир себептен улам кечигип калсак, сөзсүз түрдө кечирим сурап, сизге аталган заказды белекке беребиз.
Жеткирүү убактысы заказдын өзгөчөлүгүнө жана жеткирүү дарегинин алыстыгына жараша Колл-борбордун оператору менен алдын ала макулдашылат.
Акция качан күчүндө болот?
Акция сутка бою күчүндө. Акция майрам жана майрам алдындагы күндөрдө күчүндө эмес.
Бардык заказдар акцияга катышабы?
Акция бардан берилген заказдарга (суусундуктар, тамеки, алкоголдук ичимдиктер) жайылтылбайт.
Эгер заказга кошумча нерсе кошкубуз келсе эмне болот?
Негизги заказга кошумча заказ берилген учурда, кепилденген жеткирүү убактысы кошумча заказ берилген учурдан тартып эсептелет.
Заказды жеткирүү убактысы — заказды колума алган учурбу?
Батирге заказ жеткирилген убакыт болуп курьердин эшиктин коңгуроосун же домофонду баскан, же болбосо курьерден же call-борбордон кирүүчү чалуу болгон учур эсептелет.
Курьер call-борбордун оператору билдирген убакыттан 5 мүнөттөн ашык кечиккен учурда, жеткирүү өз убагында эмес деп эсептелет.
Кайсы учурларда акция күчүндө болбойт?
Компания төмөнкү себептерден улам кепилденген жеткирүү убактысы бузулган учурда, акция боюнча жеңилдик берүүдөн баш тартуу укугун өзүнө калтырат:
Көрсөтүлгөн даректе лифт иштебесе жана кардар бул тууралуу call-борбордун операторуна алдын ала эскертпесе;
Көрсөтүлгөн даректе домофон иштебесе жана кардар call-борбор аркылуу заказды тариздөө учурунда бул тууралуу жеткирүү кызматынын кызматкерлерине билдирбесе;
Курьерге эшик ачылбаса (кире бериштин, подъезддин эшиги, вахтадагы эшик ж.б.);
Курьерди күзөт кызматы же консьерж кармап калса;
Кардар call-борбордун операторуна так эмес же туура эмес дарек берип, курьердин, жеткирүү боюнча менеджердин же call-борбордун операторунун телефон чалуусуна жооп бербесе;
Кардар туура эмес байланыш телефон номерин көрсөтсө;
Кардар Компаниянын кызматкерлеринин байланыш телефонуна болгон чалууларына жооп бербесе же байланыш телефону жеткиликсиз/өчүрүлгөн болсо;
Кардар заказды жеткирүү кечигип жатканын билдирүү үчүн call-борборго заказ буга чейин тапшырылып, төлөнүп, курьер кетип калгандан кийин чалса;
Заказ филиалдардын тейлөө аймагынан тышкары дарекке берилсе;
Заказ медициналык, мамлекеттик, билим берүү мекемелеринин, оорукананын, поликлиниканын дарегине, ошондой эле өткөрмө пункту, вахта, күзөт, консьерж, саунанын администратору же мейманкананын кызматкери бар имараттарга берилсе;
Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал киргизилсе;
Курьер 1 мүнөттөн 5 мүнөткө чейин кечиксе. Мындай учурда бонус же акысыз заказ түрүндөгү компенсация берилбейт (тамактардын санына, түрүнө, өлчөмүнө ж.б. карабастан).
Курьер кечигип калса жана мен акциядан пайдаланууну кааласам эмне кылышым керек?
Кепилденген жеткирүү убактысы өтүп кеткен учурда, курьердин катышуусунда call-борбордун оператору менен байланышуу зарыл.
⚠️ Көңүл буруңуз!
Эгер кардар заказды алып, кечигүүнү жүйө келтирип төлөбөсө жана/же эшикти ачпаса, телефон чалууларына жооп бербесе, мындай учурда кардар заказдын толук суммасы боюнча кара тизмеге киргизилет. Кийинки жолу бул кардар заказ берген учурда, мурдагы карызы төлөнмөйүнчө call-борбордун оператору жаңы заказды кабыл албайт.
⚠️ Көңүл буруңуз!
Акция майрам алдындагы жана майрам күндөрүндө күчүндө эмес!
⚠️ Көңүл буруңуз!
Акция «Дордой», «Аламүдүн», «Мадина» базарларына жеткирүүгө жайылтылбайт.
⚠️ Көңүл буруңуз!
Акция Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында күчүндө эмес.